Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

АКШнын Ирактан аскерлерди чыгаруу планы өз нугунда кетүүдө


Пентагондун соңку билдирүүсүнө караганда, ал Ирактан аскерлерди чыгаруу ыргагын басаңдатууну, кокус коопсуздук кырдаалы абдан оорлошуп кетсе гана, караштырып көрөт. Бул туралуу Ирактын Бакуба шаарында жанкечтинин жардыруусунан 33 адамдын өмүрү кыйылгандан кийин айтылды.

Мурда мерчемделген план боюнча АКШ быйылкы жылдын августуна карата Ирактагы согуштук операцияларын аяктоосу, ал эми ушул айдын соңуна карата өлкөдө турган аскерлер санын 50 миңге түшүрүүсү керек.

Ушул жекшемби күнү Иракта парламенттик шайлоо өтөт. Пентагондун өкүлү алдыдагы шайлоону козголоңчулардын масштабдуу кыймылы жана диний жүйөөдөгү кыянатчылыктар кеңири жайылбаган шартта өтүп жаткан алгачкы саясий өнөктүк катары баалады. Пентагондун өкүлү белгилегендей, АКШ аскерлери Ирактын коопсуздук күчтөрүнө кандай чукул кырдаал болбосун, эгер өтүнүч жасалса, жардам көргөзүүгө даяр.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG