Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Кытайдын аскерий бюджети көбөйөт


Өлкө парламенти – Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын расмий өкүлү Ли Чжаосиндин билдиргенине караганда, Кытайдын быйылкы аскерий бюджети былтыркы жылга салыштырмалуу 7,5%га көбөйөт. Эгер 2009-жылы коргонуу тармагынын муктаждыктары үчүн 480,7 миллиард юань сарпталса, быйыл бул каражаттын өлчөмү 532,1 миллиард юанга чыгат. Жарыя Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйыны улуттук бюджетти бекитүүчү сессиясына чогулар алдында жасалды.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдагы эл аралык институттун маалыматына караганда, Кытай аскерий чыгымдары жагынан дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунга 2008-жылы эле чыккан. Аталган институттун эсебинде, анда Кытайдын аскерий чыгымы 85 миллиард долларга жеткен. Бул - АКШ коргонуу тармагы үчүн короткон каражаттын жетиден бир бөлүгү. Бирок айрым аналитиктер Кытайдын аскерий бюджети расмий көргөзүлгөндөн үч эсе көп болушу мүмкүн экендигин айтышат.

XS
SM
MD
LG