Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Таластыктар кымбаттоолорго каршы акцияга чыгууга даяр


Бул тууралуу бүгүн “Демократия жана атуулдук коом” коалициясы тарабынан уюштурулган видеожыйында белгилүү болду. Ага Таластан катышкан жергиликтүү жарандык коом өкүлдөрүнүн билдиришинче энергетикага, байланышка киргизилген жаңы баалар элдин ансыз да кыйчалыш турмушун оордотууда. Акыйкатчынын Таластагы өкүлүнүн айтуусунда тапкан акчалары жалаң төлөмдөргө кетип жатканын айтып даттангандардын саны бир нечелеп арбыды. Мындан тышкары электр энергиясы үчүн кыска убакыттын ичинде эле төлөнбөгөн төлөмдөр үчүн элдин жарыгын кесип кетүү адатка айланып жатканына нааразылыктар арбын болду. Видеожыйында Таластагы жарандык коомдун активисттери эл кымбаттатууларга каршы түрдүү акцияларга чыгууга даяр экенин билдиришти.
Буга чейин кымбаттатууларга нааразылыгын билдирип, эки миңге чукул киши Нарында митингге чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG