Бишкек шаарынын тургуну, адвокат Нурбек Токтакуновдун кыргыз өкмөтүнүн энергетикага бааларды көтөрүү боюнча № 699 токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн Бишкек райондор аралык экономикалык сот 11-мартта караганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” СДП мүчөсү Жаргалбек Турдукожоев билдирди.
Д. Үсөнов жетектеген кыргыз өкмөтү өткөн жылдын 11-ноябрында 2010-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясынын баасын 2 эсеге, ысык суу менен жылуулуктун баасын 5 эсеге көтөрүү тууралуу токтом чыгарган. (КЕ)