Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Кадамжайдагы "Айрыбаз" чек ара бекетинде өзбекстандык атуул каза тапты


Бул тууралуу Кадамжай районунун өзүн Мурат деп тааныштырган атуулу бүгүн «Азаттыкка» билдирген. Маалыматты КР чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтуусунда
бүгүн түштөн кийин Кадамжай районунун аймагында Кыргызстандын “Айрыбаз” чек ара бекетинен өтүп бараткан жеңил автоунаа кыргызстандык чек арачылардын токтотконуна баш ийбегендиктен ок чыгарышкан. Чолпонбек Турусбеков бул окуяга байланыштуу КР чек ара кызматынын жетекчилиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөндүгүн, алар окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын маалымдады. Анын айтуусунда окуяга корутунду комиссиянын жыйынтыгына байланыштуу чыгарылат.(JsA, ZKo)

XS
SM
MD
LG