Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Германияда теракттарды даярдаган жикчилерге өкүм чыгарылды


Сот америкалыктарга каршы чабуулдарды даярдаган деп айыпталган төрт исламчыл-жикчиге өкүмүн бүгүн угузду. Полиция рейд жүргүзүп жатып, дээрлик бир тоннага жеткен жардыргыч затты таап алган эле. Кармалган төрт киши чын эле Германиядагы америкалыктарды өлтүрүүгө камынышканын моюнга алышты. Алардын сот иши 10 айга созулду. Муну Германиянын тарыхында терроризм боюнча жүргөн “эң чоң иш” деп аташууда. Айыпталгандарды Дюссельдорфтогу сот террористтик уюмдун мүчөлөрү деп таап, экөөн 12 жылдан, бирөөн 11 жылга, дагы бирин 5 жылга эркинен ажыратты.

XS
SM
MD
LG