Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Иракта аскерлер менен полиция парламентке добушун беришүүдө


Өлкөдө ушул жекшембиде парламентке шайлоо өтөт. Бирок ал күнү коопсуздукту камсыз кылчу күчтөр шайлоого катыша алышпайт. Ошондуктан алар алдын ала добушун беришүүдө. Жалпысынан 800 миңдей адам алдын ала добуш берүүгө катышаары айтылган. 2003-жылы АКШнын жетекчилигиндеги коалициялык күчтөр Иракка киргенден бери өлкөдө экинчи ирет парламент шайланууда. Жумуриятта 19 млн.дой жаран добуш берүүгө укуктуу. 325 орундуу парламент үчүн бул ирет 6 миң 200 талапкер ат салышмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG