Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Консот чечимин эл аралык укукчулар жактырышты


Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Укук коргоочуларды коргоо Обсерваториясы, Адам укуктар боюнча эл аралык Федерация жана Кыйноолорго каршы Дүйнөлүк уюм жарандардын эркин чогулушуна тоскоолдук кылган жобонун алынып салынышын кубаттаган билдирүү таратты.

Конституциялык Сот 2-мартта укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова баштаган укук коргоочулардын кайрылууларынын негизинде “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуу, митингдерди, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү” мыйзамдын наараазылык акциянын убактысын, жерин белгилеген 3-беренесин мыйзамсыз деп тапкан. Даттанууга укук коргоочулардын өкмөт үйүнүн жанына 25-июлда акцияга чыкканы үчүн административдик жазага тартылышы негиз болгон.

Ошол эле мезгилде аталган уюмдар “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга кирип жаткан өзгөрүүлөргө тынчсыздануусун билдирген. Бул долбоордо бейөкмөт уюмдар саясий жана шайлоо жараяндарына катышууга, чет өлкөлүк каржылоого чектөө киргизүү каралган. Депутат Искак Масалиев даярдаган бул долбоорду кошумча иштөөгө Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети ушул жылдын 10-январында кайра кайтарып берген. Болжолдуу маалыматтарда Кыргызстанда 5 миңден 10 миңге чейинки бейөкмөт уюмдар аракеттенишери айтылып келатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG