Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

“Карек”: “Цианид чуусунан” жабыркаган 4 адам көз жумду


Укук коргоочу Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, “Кумтөр” трансулуттук компаниясы өлкөдө иш баштаганы “Карекке” 500дөн ашык адам саламаттыгынан жабыркап кайрылган. "Кумтөр" тоо-кенине жакын орун алган айыл тургундары көбүнчө өпкө, бөйрөк жана кан басым оорулары боюнча даттанышкан. Ден соолугуна зыян алып келгендиги үчүн “Карек” 29 адамдын атынан “Кумтөр” ишканасынын үстүнөн арыз жазып, сотко кайрылган. Уюм ар бир адамга компания 1 миллион сомдон төлөп берүүсүн талап кылып келет. Бишкектеги Октябрь сотунда бул маселе боюнча соттук териштирүүлөр бүтө элек. Ал арада арыз менен кайрылгандардын төртөө акыркы жарым жылда саламаттыгы начарлап көз жумду.

“Карек” уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Эркингүл Иманкожоева февраль айынын этегинде Дублинде өткөн Укук коргоочулардын 5-платформасында Кыргызстандагы экологиялык катастрофадан жабыркаган жарандардын укугу боюнча доклад менен чыкты. “Карек” уюмунун жетекчиси анда "Кумтөр" тоо кенин иштетүүдө көлдүн түштүк кылаасындагы тургундардын саламаттыгы, жаратылыш чөйрөсүнүн абалы начарлап жаткандыгын айтып, тынчсыздануу билдирди. Ирландияда 3 жылда бир жолу өтүүчү укук коргоочулардын бул жолку жыйынына 85 өлкөдөн укук коргоочу катышып, өз өлкөсүндөгү адам укугу жаатындагы абал менен тааныштырышкан. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG