16-мартта Бишкекте “Билим берүү тууралуу” мыйзамдын ишке ашырылышы тууралуу талкуу уюштурулат. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт, ошондой эле Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитттери уюштурууда. Өлкөдө барган сайын мектеп партасынан четтеп калган көчө балдарынын саны өсүүдө. Былтыр БУУнун өнүктүрүү програмамсы иликтөө уюштуруп, Кыргызстандагы мектеп жашындагы 40 миң бала билим алуу укугунан ажыраганы ачыкталган. (EK)