Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Балтика деңизинде ондогон кемелер музга маталып калды


Алар деңиздин Швецияга жакын чыгыш жээгинде музга камалып калышкан. Учурда Швеция менен Финляндиянын муз жаргычтары жүк тарткан эки кемени жана жүргүнчүлөрдү салган бир паромду муздан бошотуу аракетин көрүүдө. Маалыматтарга караганда, “Аморелла” деп аталган паромдун бортунда бир миңдей жүргүнчү бар. Муздун калың катмары Европанын түндүгү үчүн адаттан тыш көрүнүш эмес, бирок муздун кубаттуу эле кемелерди капканга түшүргүдөй калыңдыкта болушу сейрек учурайт.

XS
SM
MD
LG