Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Нарын облусунун губернатору журналисттер менен жолукту


Губернатор Тынчтыкбек Чекиев алгачкы жолу журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, облустун социалдык абалы чеке жылытаарлык эместигин белгилеп, быйыл облустан 500дүн айланасында долбоор даярдалгандыгын, облуста өнүктүрүү кору түзүлгөндүгүн билдирди. Губернатор жергиликтүү мамлекеттик телерадио компанияга, облустук «Теңир-Тоо» гезитинин редакциясында болуп, «Алмаз-Нарын» үналгысынан түз обого чыгууга макулдугун берди. Тынчтыкбек Чекиев «Азаттыктын» кабарчысынын губернатордун жаңы дайындалган орун басары Нурбүбү Султанбаеванын кеңсеси жабык тургандыгы тууралуу соболуна “бул кызмат орун алмашылат” деп айтты. Нурбүбү Султанбаева 2-февралда орун басарлыкка дайындалган. Бирок бир катар өз ысымдарын айта албаган облустук акимчиликтин кызматкерлеринин айтымында, ал 19-февралдан тарта ишке келген эмес. (KUs)

XS
SM
MD
LG