Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Алайда революциялык комитет түзүлдү


Бүгүн оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковдун 700гө чукул тарапкери Гүлчө кыштагында чогулуп, революциялык комитет түзүү чечимин кабыл алышты. Митингдин катышуучулары жалпы кыргыз элин, өзгөчө бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин, кыргыз армиясын бийликке каршы күрөшүүгө үндөшүүдө.

Алайлыктар оппозициячыл саясатчы, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков токтоосуз акталбаса 15-марттан тарта Ошко, андан соң Бишкекке карай жөө жана атчан жүрүшкө чыгышаарын билдиришти. Бул тууралуу Алайдагы митингге байкоо салып жүргөн кабарчыбыз Алишер Токсонбаев билдирди. Исмаил Исаков коргоо министри кезинде уулуна мыйзамсыз үй берген деп айыпталып, Бишкек гарнизондук соту тарабынан сегиз жылга кесилип, генерал-лейтенанттык аскер наамынан ажырган. (JAk)

XS
SM
MD
LG