Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Жалал-Абадда Аялдардын эл аралык күнү белгиленди


Облустук Барпы театрында аялдарды ардактап, эркек жетекчилер ыр ырдашты. Аялдарды президенттин атынан куттуктаган вице-премьер Аалы Карашев 12 аялга “Баатыр эне” , бир нечесине “ Эне даңкы” ордендерин тапшырды. Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Санамкан Балтабаева Ардак грамота алды. Губернатор К. Масировдун айтымында, облбийликтеги кызматчылардын тең жарымы аялдар. Облустагы Лидер аялдар бирикмеси экономикалык абалдын начардыгынан миграция жана кулчулукка туш болгон аялдар азайбаганын билдирип, зордук-зомбулук менен ала качуу, мажбурлап үйлөнүү көрүнүштөрүнөн кыз-келиндер жабыр тартып жатканын белгиледи. (YA)

XS
SM
MD
LG