Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Нарында бир жылда 163 аял “Баатыр эне” наамын алган


Бул тууралуу маалымат М.Ырыскулов атындагы облустук академиялык музыкалуу драма театрында өткөн салтанат маалында айтылды. 82 аял «Эне Даңкы» медалына арзыган. Губернатор Тынчтыкбек Чекиев облуста жалпысы 3 000ден ашуун «Баатыр Эне» бар болгонун билдирди. Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков Президенттик кордон 300 айымга 1500 сомдон акча берилгендигин айтты. Ал эми облустук акимчиликтин баалуу белектери негизинен жетекчи айымдарга, облустук жана шаардык алкакта эмгектенген бардык журналист айымдарга да тапшырылды. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG