Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

МИСМИЛДИРИК: Канабайрамдын карттанган жарасы


Студиянын коноктору философ, профессор Жамгырбек Бөкөшев менен тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаев. 2010-жылдын 6-марты.
Студиянын коноктору философ, профессор Жамгырбек Бөкөшев менен тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаев. 2010-жылдын 6-марты.

1916-жылы кыргыз элинин башына түшкөн оор мүшкүл, тукум курут боло жаздаган калктын трагедиясы тарыхчы, журналист Арслан Койчиевдин «Мисмилдирик. Беделдеги каргыш» романында баяндалган.

16-жылдагы падышалык орус аскеринин колуна түшүп андан аман чыккан кыргыз интеллигенти 30-жылдардын соңундагы большевиктик кыргынга кабылат. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу улутту тукум курут кылууга багытталган канабайрамдын көркөм адабияттагы чагылдырылышына арналды. Студияга философ, профессор Жамгырбек Бөкөшев менен тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаев чакырылган.

Ажардын арманы

- Улуттун турмушундагы оор окуя эч качан эстен кетпейт. Муундар алмашса да унутулбай кала берет. Кеп 1916-жылкы мүшкүл жөнүндө болуп жатат. Бул тема эгемендиктин алгачкы жылдары арбын козголду эле. Кийин басаңдап калды. Журналист Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик. Беделдеги каргыш” романы чыкты. Жаңы чыгарманын жетишкендиги менен мүчүлүштүктөрү мага тең салмактуудай сезилди. Жамгырбек мырза, мына ошол Үркүн темасынын эгемендик заманда кенен көркөм чагылдырылышы кандайынан келгенде да колдоого алына турган нерсе. Чыгарманын өзү жөнүндө сиздин пикириңиз кандай?

Жамгырбек Бөкөшев:
- Бул чыгарма менимче кеңири сөз кыла турган, чоң талкууга арзый турган чыгарма. 1916-жылкы үркүн элдин эсинен кеткис, көңүлүндө бекем сакталып калган мүшкүлдөрдүн бири. Эгер ошол окуя ошол калыбында уланса кыргыз эли чын эле тукум курут болуп кетиши мүмкүн эле. Арслан Койчиев ошол тукум курут болуп кетүүнү “Мисмилдирик” деп чыгармага айлантып, окурмандарга сунуп жатат. Ал белгилүү тарыхчы, адис катары билгендерин көркөм сөзгө шыгы бар экен, мына эми көркөм баян катары окурмандарга тартуулап жатат. Бул автордун алгачкы чыгармасы болгондон кийин анын оош-кыйышы, чийки жерлери болушу мүмкүн. Жалпысынан 16-жылдагы мүшкүлгө арналган чыгармалар биртоп эле. Аларды өз-өзүнчө этапка бөлүп карасак да болот. К.Баялиновдун айтылуу “Ажарынан” баштап көп эле чыгармалар жарык көрбөдүбү. Мына эгемендик тушунда да чыгып жатат. Адабиятчы Станалиева муну изилдеп өзүнчө китеп кылып чыгарды. А.Койчиевдин чыгармасы жаңы муун авторлордун катарына кирет. Бул “Сынган кылычтан” келаткан салтты улаган тарыхый чыгарма. Үркүндүн мүшкүлдөрүн окуган адамдын зээнин кейите турган, жүрөгүн болк эттире турган деңгээлге жеткире жазган жакшы чыгарма деп айта алам.

"Кандуу жылдардын" капшабы

- Бектемир мырза, мына ушул Үркүн темасы, кыргыздардын тукум курут болуп кетүү коркунучуна капталган оор кезең жөнүндө көп айтылып, көп иштер жасалгандай болду эле. Бирок кийинки кездери ага анчалык көңүл бурулбай калды. Мунун себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Бектемир Жумабаев:
- Улут тарыхындагы урунттуу, тагдырына туш келген кайгылуу окуя ушул 1916-жылдагы үркүн. Элдин көтөрүлүшүн Арслан Капай уулу тарыхый романында баяндап берген. Автор өзү жакшы тарыхчы. Ал тарыхчынын көзү менен көркөмдөп жазган. Мына эгемендик тушунда бул тема көп эле көтөрүлдү, изилдөөлөр жарыяланды. Бүгүн ал артта калып кетип жатат. Үркүн маселеси түгөнбөйт. Ал азыраак унутта калды деп ойлойм. Бул тема анын үстүнө саясатташып кетти. Үркүндүн 90 жылдыгын өткөрөлү деп жатканда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен нота келиптир деп чыгышкан. Муну ошентип саясатчылар гана атайылап унуткартып жатат. Муну эл, көркөм сөз ээлери унутпайт. Элдин жүрөгүндө калган кандуу окуя унутулбайт. Азыр анча эскерилбей жатышы саясатка байланыштуубу деп ойлойм.

- “Мисмилдирик. Беделдеги каргыш” романында 16-жылкы кыргын менен 30-жылдардын аягындагы сталиндик репресссияны, кыргыздын улут каймактарынын атылып кетиши катар коюлуп сүрөттөлөт. Ушул эки мүмшкүлдүн катар көрсөтүлүшүнүн көркөмдүк негизи барбы?

Жамгырбек Бөкөшев: - Бул жерде тарыхый жактан алганда, эл тагдырына байланыштырып караганда чынында эле байланыш бар. 37-жылкы окуялар да жөн жеринен чыга калган эмес да. Романдагы башка каарман 37-жылкы апааттан жок болуп, түрмөдө олтуруп бала кезинде башынан кечирген мүшкүлдү эстеп атпайбы. Окуялар ошол баланын көзү менен баяндалат. Мен жана чыгармага жалпы баа берип кеттим. Эми анын анын айрым өзгөчөлүктөрүнө токтолсомбу деп турам. А.Койчиев биринчи чыгармасында эле баш көтөрбөй окуй турган сюжет кура алган. Көзгө урунган каармандардын кайталангыс турум-турпатын түзгөн деп бааласак болот. Дагы бир өзгөчөлүгү - чыгарманын тили, автордун баяндамасы мактоого арзыйт. Автор колдон келишинче Үркүндөн жапа чеккендерди, кыргыздарды кыргандарды да болушунча калыс, объективдүү сүрөттөөгө аракет кылган. Орус аскерлеринин, офицерлеринин образын түзүүдө, окуяларды сүрөттөп жазууда колдон келишинче калыстыкты, тактыкты, объективдүүлүктү сактоого аракет кылган. Чыгарманын оош-кыйыштары да бар. Кээ бир образдары чала иштелип калган. Мисалы, Нарботонун образы жакшы иштелген. Ал эми Карагыз, башка каармандардыкын андай деп айтыш кыйын. Автор чыгарманы дагы ийине жеткире иштесе кыйла дооматтардан арылмак. Бирок ушул турушунда жарыялаган экен. Менимче, жанагындай оош-кыйыштарына карабай бул чыгарма темасы, тарыхый окуяларды чагылдырышы боюнча өзүнүн орду бар.

- Бектемир мырза, мына ушул темага арналган А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” дастаны большевиктик идеологиянын кандай сынына кабылганын жакшы билесиз. Аны көргөндөн кийин бул темага даап, батынган киши аз болду. Анан эми эгемендик келгенден кийин кесиптешиңиздин тукум курут, канабайрам, мисмилдирик тууралу чыгармасы чыкты. Буга тарыхчынын кайрылышына эмне себеп болду? Теманын тарых илиминде жакшы изилденбей жатышы себеп болгон жокпу?

Бектемир Жумабаев: - Бул окуялар тарых илиминде жакшы жакшы чагылдырылган. Профессор Кушбек Үсөнбаевдин “1916-жылдагы көтөрүлүш” деген фундаменталдуу эмгегин айта кетейин. М.Махмутбекованын “Улуттук боштондук кыймылы” деген китеби чыкты. Андан кийин Шейшекановдун “Көлдөгү көтөрүлүш” деген изилдөөсү жарыяланды. Изилдөөлөр көп эле. Бирок бул жерде автор жалаң эле 1916-жылга гана кайрылып жаткан жери жок. Эки тарыхый окуя кош сызык берилип атпайбы. Анткени 1916-жылкы көтөрүлүштө да, 37-жылкы репрессияда да кыргыздын каймагы кеткен, бейкүнөө адамдар жок кылынган. 1916-жылкы көтөрүлүштүн башында кыргыздын саясий элитасы Мөкүштөр, Канат хандар башында турган. А.Койчиевден мурда да 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча “Канат хан” деген роман жазылган. 16-жылга арналган чыгармалар көп. Бирок аны 37-жылкы кыргын менен бирге, кошо көрсөткөн чыгарма жок болчу.

Беделде калган арман

- Улуттун башына түшкөн оор тарыхый мүшкүлдүн көркөм чагылдырылышы тууралуу кеп болгондо ошол 16-жыл, андан кийинки 30-жылдардын аягы, бери келсек эгемендик тушунда элибиз башынан кечирен оорчулуктар, татаал тагдырлар адабиятта көрүнүшү керек го. Ушул темалар сиздин оюңузча кандай чагылдырылып жатат?

Жамгырбек Бөкөшев: - Бул жерде айтылган Бектемир мырзанын сөзүн улап, анан сиздин сурооңузга өтсөмбү дейм. 16-жылды тарыхчылардын изилдегени, илимий эмгектерди жазганы бир жөн. Ал эми сүрөткер катары ошол окуяларды көркөм образдар аркылуу жаратуу башка кеп. А.Койчиев тарыхчы катары тарыхый булактарды казып көрүп, анан ага ичи чыкпай ошондон көркөм чыгармачылыкка ооп кеткен болуш керек. Ал мезгилди азыркы доорго чейин алып келип, анан ошол улут башчылары, алдыңкы сапта тургандардын кайгылуу тарыхын көркөм чыгармачылыкка алып чыгыш логикалык жактан да, тарыхый жактан да өзүн-өзү актай алат. Ал эми азыркы адабиятка келсек, тарыхый жактан баштан кечирип жаткан кезибизди поэзия бираз чапчаңдык кылып убагында сүрөттөп берип жатат, деп айта алам. Кара сөзчүлөрүбүз бул жагынан ыкшоолук кылып, кийинки доордун кеңири сүрөтүн өз деңгээлинде жеткире сүрөттөөгө шайы жетпей жатабы, деген ой менде пайда болууда.

- Бектемир мырза, сиздин 16-жылдын тарыхый изилдениши тууралуу пикириңизге кошулса болот. Бирок 30-жылдардын апааты ошондой деңгээлде изилденди деп айтыш кыйын. Анан адабият тарыхый окуялардын текши баарын сөзсүз чагылдырышы керекпи?

Бектемир Жумабаев: - Улуттун башына түшкөн кайгылуу окуялары тарыхый изилдөөдөн кийин кыска, тар чөйрөгө эле белгилүү болуп калат. Ал эми анын адабиятта чагылдырылышы, көркөм сөзгө көчүрүлүшү элге сиңимдүү болот. Көркөм сөздө окуя кызыктуу, окурманды өзүнө тартып турчу касиетке ээ. Эгер ал көркөм чыгармада терең, мыкты чагылдырылса элге көп жетет, таанымал окуя болуп калат.

- Анда сөзүбүздү жыйынтыктасак. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик!
Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду
XS
SM
MD
LG