Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

БУУ ирактыктарды эртең добуш берүүгө чакырууда


Уюмдун төрагасы Пан Ги Мун парламенттик шайлоону «улуттук элдешүүдөгү маанилүү бурулуш» деп баалады. Иракта 2003-жылы Саддам Хусейн кулатылгандан бери ушуну менен экинчи жолу шайлоо өтүп жатат. Шайлоо өнөктүгүндөгү бир катар жан кечти чабуулдарынан ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Бүгүн эле Ирактын ыйык саналган Нажаф шаарында шийиттердин ибадатканасына жакын жерде машина жарылганда, үч киши набыт болду. Ирактан активдүү согуштук аракеттерге тартылган америкалык аскерлер шайлоодон кийин жарым жылдай убактан кийин чыгарылат.

XS
SM
MD
LG