Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Алайдагы революциялык комитет төрагасын шайлады


Бул тууралуу Алайдагы генерал Исмаил Исаковду коргоо комитетинен билдиришти. Алайда районунда кечээ эле түзүлгөн революциялык комитеттин төрагасы болуп, ошол эле И.Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтбай Жээналиев шайланды. Анын айтымында, кечээ Гүлчөдө өткөн митингден кийин анын уюштуруучуларын жергиликтүү бийлик коркутуп-үркүтө баштады. Кечээ райондук бийлик өкүлдөрү митинг мыйзамсыз экендигин билдирип, мыйзамга каршы иш жасагандар жаза тартыларын эскерткен болчу.

Кечээ өткөн митинг учурунда нааразы болгондор президент К.Бакиевден генерал И.Исаковду бошотуп, андан кечирим суроосун, И.Исаковду жөн жеринен сегиз жылга эркинен ажыраткан соттор менен прокурорлордун жазаланышын талап кылышкан. 15-мартка чейин талаптары аткарылбаса алайлыктар Ош шаарына, андан соң Бишкекти көздөй жүрүшкө чыгышмакчы. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG