Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Иракта парламентке шайлоо аяктады


Бул 2003-жылдагы АКШ баштаган оккупациядан кийинки экинчи жалпы элдик шайлоо. 80ден ашык саясий уюмдан 6200 чакты талапкер Өкүлдөр палатасындагы 325 орун үчүн ат салышты. Иракта 19 миллион кишинин добуш берүүгө укугу бар. Багдадда шайлоо бекеттери ачылгандан берки жардыруу, кол салууларда аз дегенде 24 киши каза тапты. Ага карабастан, баш калаада бул киши Ройтерс агенттигине добуш берүүгө баратканын билдирди:

– Бүгүн эртең менен жардыруу болгонун уктук. Шайлоо бекети жайгашкан мектептин жанында таң заарынан көп жардыруу болду, жардыруулар биз турган жерге жакын жерде да болуп, ракета түштү. Бирок алар бизди коркута албайт, биз кудайга ишенген адамдарбыз, террористтер эмне дегиси келсе да, добуш берүүгө барабыз.

Өлкө боюнча миңдеген ирактык жана америкалык аскерлер жайгаштырылды. Бул шайлоодон жарым жыл өтпөй, Ирактан америкалык согуштук күчтөр алынып кетмекчи. Байкоочулар добуш берүүдө ири мыйзам бузуулар катталган жок деп билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG