Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

“Аялдарга карата зомбулукту бирге токтотобуз” кампаниясы башталды


5-мартта БУУ Бишкектеги үйүндө “Аялдарга карата зомбулукту бирге токтотобуз” кампаниясы башталган. БУУнун туруктуу өкүлү Нил Волкердин билдиришинче Кыргызстанда аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жою боюнча конвенцияны ратификациялап, Миң жылдык декларациясына кол коюп, Гендердик адилеттүүлүккө жетүү боюнча улуттук планды, зомбулукка каршы мыйзам кабыл алып, бир топ жылыштар байкалган. Бирок Н.Волкер Кыргызстанда аялдар укугуна шек келтирген ала качуу, көп аял алуу, эртелеп турмушка берүү, үй-бүлөдөгү зомбулук көрүнүштөр бар экенин белгиледи. Кризистик борборлор ассоциациясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгына караганда респонденттердин 83% зомбулукка кириптер болуп турары аныкталган. Мындан улам Нил Волкер зомбулук маселесин чечүүдө мыйзам кабыл алуу аздык кылаарын, маселени чечүү үчүн бирдиктүү иш-аракеттер керек экенидигин билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG