Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:16

Бүгүн - Аялдардын эл аралык күнү


Аялдар күнүн белгилөө жөрөлгөсү байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет. Байыркы Рим шаарында Аялдар күнү үй-бүлөлүү зайыптар күйөөлөрүнөн белек алып, сый урмат көрүшкөн. Ал эми 1857-жылдын 8-март күнү Нью-Йорк шаарында америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн митингге чыгышкан. Америкалык социалистик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. Ошентип Аялзатынын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган. Аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн соцалисткалардын II Эларалык конференциясында кабыл алынган. Айымдардын майрамы айрым европалык өлкөлөрдө 1911-жылдан, Орусияда 1913-жылдан бери белгиленет. Кыргызстанда да Совет биримдигинен бери 8-март Эл аралык аялдар күнү жана жаз майрамы катары белгиленип келет. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG