Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Тарифтерге баанын кымбатташына кол топтолуп жатат


Учурда бир катар жарандык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган “220 кыймылы” жаңы тарифтерге жана стратегиялык объектилердин сатылышына каршы болгондордун колун топтоодо. 4-мартта кыймыл элди жаңы тарифтерге каршы иш-чараларга катышууга чакырык жолдогон болчу.

Ошондой эле 11-14-март аралыгында кыймыл жарандардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоо максатында Бишкек шаарында унааларга, бак-шакка, кашааларга, эшиктерге, сумкаларга сары тасма илүү акциясын, Горький гүл багында “Электрошок” концертин уюштурууну болжолдоп жатат.
“220 кыймылдын” бул иш-чараларды электр кубатына, жылуулукка тарифтерди төмөндөтүүнү колдогондор жана мамлекеттик маанилүү ишканалардын сатылышына каршы болгондор үчүн уюштурууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG