Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Лос-Анжелесте “Оскар” сыйлыгы тапшырылып жатат


Американын кино академиясынын эң мыктыларга берилчү бул сыйлыгында “Жылдын тасмасы” деген башкы номинация үчүн быйыл адаттагыдай 5 эмес, 10 фильм ат салышууда. Алардын арасында Жеймс Камерондун “Аватар”, Кэтрин Бигелоунун “Бороондун эгелери”, жана Квентин Тарантинонун “Атаксыз бейбаштар” деген тасмалары да бар. “Аватар” тогуз номинация боюнча “Оскар” алганга аракет кылат.

Азырынча "Экинчи пландагы актер" номинациясы боюнча Квентин Тарантинонун "Атаксыз бейбаштар" тасмасында ойногон Кристофер Вальц "Оскарды" утту. "Жылдын мыкты анимациялык тасмасы" деп "Жогору жакка" деген тасма аталды. Ал эми "Чарчаган жүрөк" тасмасы үчүн жазылган музыка "эң мыкты" деп табылды.

XS
SM
MD
LG