Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

АКШнын вице-президенти Жакынкы Чыгышка келет


Жо Байден АКШнын Израил менен Палестина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу аракетинин алкагында эки тараптын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Анын жөөт жетекчилиги менен жолугушуусу шейшембиге, ал эми палестин тарап шаршембиге белгиленген. Мунун алдында кечээ палестин жетекчилиги АКШ ортомчулук кылып жаткан жараяндын алкагында Израил менен кыйыр сүйлөшүүлөргө катышууга макул болгон эле. Палестин тараптын айтымында, алар бул жараянга кандайдыр бир олуттуу жыйынтык чыгар-чыкпасын байкоо үчүн төрт ай аралашат. Палестин тарап мындай чечимди АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Жорж Митчелл Иерусалимде жөөт премьер-министри Бинямин Нетаняху менен жолуккан учурда кабыл алды. Израил менен Палестина ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү бир жылдан ашуун убакыттан бери токтоп турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG