Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

АКШнын Ооганстанга келген коргоо министри оор күндөр алдыда экенин эскертти


Роберт Гейтс Ооганстанга бүгүн келди. Учагы Кабулга конгонго чейин кабарчылар менен болгон маегинде ал соңку кездери исламчыл согушкерлерге каршы күрөштө айрым бир ийгиликтер жетишилгенин белгилеп, мунун бир мисалы катары түштүктөгү Гильменд провинциясында талибдерди таяныч бекеттен ажыратууну көздөгөн операцияны атады. Бирок талибдер менен согушта али алдыда бир топ “оор күндөр” да бар экендигине токтолду. АКШ коргоо министри ага катар эгер Иран АКШнын Ооганстандагы аракеттерине тоскоолдук жасоого умтулса, катаал чаралар көрүлөрүн да эскертти. Бүгүн Кабулга иш сапары менен Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад да келгени жатат. Роберт Гейтс Кабулда ооган президенти Хамид Карзай, АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы Стэнли МакКристал менен жолугат. Бул аралыкта соңку бир сутка ичинде Ооганстанда орун алган жарылуулардан 12 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG