Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

АКШ Ирактагы шайлоодон кийин аскерлер өз мөөнөтүндө чыгарыларын айтууда


Бул тууралуу Иракта жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодон соң айтылды. АКШнын Ирактагы аскерлеринин командачысы, генерал Рэй Одиерно белгилегендей, 7- марттагы шайлоо - Ирактан америкалык аскерлерди толук чыгаруу жолундагы бурулуш учур болду. Генерал Одиерно Багдаддан сүйлөгөн сөзүндө ирактыктарды саясий жараянга бекем колдоо көргөзүшкөнү үчүн мактады. Добуш берүү жараяны кол салуулар менен да коштолду. Алардын айрымдарында түздөн-түз шайлоочулар жана шайлоо бекеттери бутага алынып, 36 киши каза тапты.

Парламенттеги 325 орун үчүн 6200дөй талапкер ат салышты. Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы алдыдагы бейшембиге карата чыгарылат. Добуш берүүгө болсо шайлоого укуктуу 19 миллион адамдын 62%ы катышкан.

XS
SM
MD
LG