Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Бүгүн сот А.Жекшенкуловго өкүм чыгарышы мүмкүн


3-мартта Биринчи май райондук сотунда мурунку тышкы иштер министри А. Жекшенкуловго байланыштуу соттук териштирүүдө адвокаттар, айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгышкан. А. Жекшенкулов акыркы сөзү көп болгондуктан сот жараянын 9-мартка жылдырууну өтүнгөн. Мамлекеттик айыптоочу экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун өкмөттөн белекке алган тапанчасы менен түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, андыктан аны алып салуу керектигин айтып, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А.Жекшенкуловду шарттуу түрдө төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG