Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Нарындыктар митингге даярданууда


Нарын облусунун жашоочулары электр кубатына жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшүн кайрадан карап чыгууну талап кылып, 10-мартта ири митинг өткөрүүгө даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы кабарлады. Нарын облусунун тургундары ушундай эле талаптары менен президент Курманбек Бакиевдин атына да кайрылуу жолдошкон.

Буга чейин 5-мартка белгиленген митинг биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров Нарынга барып, нааразы болгондор менен жолуккандан кийин токтотулган болчу. Нарындыктар А.Жапаров алардын талаптары тууралуу туура эмес маалымат таратып атканын айтып, талаптары аткарылбаса ири митингдерди өткөрүп, жөө жүрүш уюштурганга чейин барышарын айтышат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG