Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Караколдо Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүү башталды


Бул тууралуу адвокат Азимбек Бекназаров Караколдон “Азаттыка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облустук сотунда Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын кассациялык арызы карала баштады. 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Балыкчы шаарында орун алган окуяларга байланыштуу 19 киши кармалып, аларга Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, массалык баш-аламандык жана шайлоого жолтоолук кылган деп айып коюлган. Алардын төртөөсү төрт жылга, 14 адам эки-үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Адвокаттар Балыкчы окуясы боюнча кылмыш иштер саясий себептерге байланыштуу козголгонун билдирип келатышат.(AiT)

XS
SM
MD
LG