Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШнын элчилиги машыгуу борбору боюнча маалымат таратты


Маалыматка караганда, Кошмо Штаттар Кыргызстандын Баткен облусунда антитеррордук машыгуу борборун куруу үчүн 5.5 млн. доллар каражат бөлүшөт. Ал борбор Кыргыз өкмөтүнө тиешелүү болот. Ал эми Кошмо Штаттардын Кыргызстандын түштүгүндө аскердик базасы жок жана андай база курууга умтулбайт дагы. Баткенде курула турган антитеррордук машыгуу борбору Кыргызстан менен АКШнын коопсуздук багытында кеңири кызматташуусунун бир бөлүгү. Андай кызматташуулардын натыйжасында буга чейин Токмокто атайын багыттагы күчтөр үчүн окуу комплекси, Беш-Күңгөйдө аскердик госпиталь курулган. (AiT)

XS
SM
MD
LG