Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Европа монетардык фондунун кербези


Грекия. Полициянын атайын күчтөрү 4-марттагы анти-өкмөттүк нааразылык акциялары учурунда Улуттук банктын баш кеңсесин күзөтүшүүдө. 2010
Грекия. Полициянын атайын күчтөрү 4-марттагы анти-өкмөттүк нааразылык акциялары учурунда Улуттук банктын баш кеңсесин күзөтүшүүдө. 2010

Грекиядагы финансылык кризис евромейкиндиктин башка мүчөлөрүн орток акчаны арзандатпай сактоонун жолдорун издөөгө түртүүдө. Бул жагдайда Эл аралык валюта кору сыяктуу Европа монетардык фондун түзүү идеясы тез колдоого алынды. Сунуш кылынган финансылык мекеме евромейкиндиктин оор абалга кабылган өлкөсүнө шашылыш акчалай жардам берип, еврону туруктуу кармоого көмөктөшүүгө тийиш.


Шойбленин баласы- Европа монетардык фонду

Европа монетардык фондуну түзүүнү обол Германиянын финансы министри Волфганг Шойбле ортого салды. Ал 6-мартта түшүндүргөнгө караганда, Эл аралык валюта коруна окшош фонд европалыктарга Грекия сыяктуу карыздын айынан кедери кетип, куу тумшук болуп турган өлкөнү жөлөп-таяганга керек. Бирок бул фонд евромейкиндиктин ичинде гана иш жүргүзөт. Эл аралык валюта кору өңдүү насыяны муктаж өлкөлөргө катаал шарт менен берип, аларды финансылык тартипке салууга тийиш.

Евробиримдиктин өкүлү Амадео Алтафаж Тардио 8-мартта Брюсселде журналисттер менен болгон кездешүүдө кризисти алдын ала көрө билип, болтурбай коюу маанилүү экенине токтолду:

-Биз учурда чукул жагдайда кандай чарага баруунун эффективдүү жолдорун жана кризистин алдын алуунун амалын ачык талкуулап жатабыз. Алдын алуу чарасы айрыкча маанилүү экенин баса белгилегим келет. Ошон үчүн евромейкиндиктеги өлкөлөр арасындагы экономикалык координацияны кеңейтүүгө көңүл буруп жатабыз.

Тардио ошондой эле Европа монетардык фондун түзүүнүн максаты болочокто Грекиядагыдай финансылык кризисти болтурбоо экенин баса белгиледи.

Европа борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише Европа монетардык фондун түзүүгө карата өз пикирин айта элек.
Азыр Грекиянын карызы 400 миллиард долларга жакын. Ошондуктан, инвесторлор кокус Афины дефолт жарыяласа, евроакча кунун жоготуп, шамал айдаган жалбырактай калдактап калат деп чочушат. Берегидей кооптонууга евромейкиндиктин дагы бир мүчөсү Испаниянын оор экономикалык абалы да кошумча болууда.

Германиялык банкир ЕМФга каршы

Евромейкиндиктин үлкөн оюнчусу Германия канцлери Ангела Меркел Европа монетардык фондуну түзүүнү “жакшы”, “кызыктуу” сунуш деп, колдоду. Бирок фондуга акчаны ким берет, ал Еврокомиссия жана Европа борбордук банкынан канчалык өз алдынча болот, мунун баары такталышы зарыл экенин айтты.

Маастрих келишимине ылайык, евромейкиндиктин ичинде финансылык көмөктөшүүгө уруксат жок. Анүчүн Евробиримдиктин негизги келишими-Лиссабон келишими өзгөртүлүүгө тийиш. Бул маселе, Меркелдин пикиринче, “Эл аралык кору жок эле сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилиш керек”.

Еврокомиссия да евромейкиндиктин ичинде иштеген фондду түзүүнү колдоду.

Жаңы фондду түзүүгө Европа борбордук банкынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Юрген Старк каршы экенин билдирди. Анын айтымында, фондду түзүү байдөөлөт өлкөлөргө кошумча чыгым болот. Ал эми чабал өлкөлөр жардамга ишенип, Грекия сыягы финансылык тартипти сактабай коюшат.

XS
SM
MD
LG