Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Нарында митинг башталды


Ушул тапта Нарын шаарында борбордук стадиондо электр кубатына баанын өсүшүнө нааразы болгондордун митинги башталды. Аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегиндин ырасташынча, чогулгандардын алдына жаңы шайланган облус губернатору Алмаз Акматалиев чыгып сүйлөп атат. Мындан тышкары шаар мэри, район акими келишти. Митингди уюштуруучулардын ырасташынча, чогулган элдин саны үч миңге чукул, айрым маалыматтар боюнча бул сан эки миңдей.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров Нарынга барып, нааразы болгондор менен жолуккандан кийин 5-мартка белгиленген митинг токтотулган болчу. Нарындыктар А.Жапаров Бишкекке алардын талаптары тууралуу туура эмес маалымат айтып барганына нааразы болушуп, талаптары аткарылбаса ири митингдерди өткөрүп, жөө жүрүш акцияларын уюштурганга чейин барышарын билдиришкен. (AiJu)

XS
SM
MD
LG