Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Баткенде машыгуу борбору түзүлөт


Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен АКШ беш жарым миллион доллар каражатты Баткен облусунда антитеррордук машыгуу борборун түзүүгө бөлдү. Ошол эле учурда АКШ Кыргызстандын түштүгүндө аскерий база ачууну көздөбөй тургандыгын билдирди. АКШ өкмөтүнүн мындай аскерий көмөгү – Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен мамилесине терс таасирин тийгизет деген дагы пикирлерди жаратууда.

9-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалымат – соңку эки-үч күндө кызуу талкууланып жаткан Кыргызстандын түштүгүндө АКШ дагы бир аскерий база ачууга камынып жатыптыр деген аңыз кепке чекит койгондой болду.

АКШнын "Манас" аскер базасы Транзиттик борбор болуп түзүлгөн
Элчиликтин маалымат баракчасында АКШ беш жарым миллион долларды Баткен облусунда антитеррордук машыгуу борборун түзүүгө бөлгөнү; жаңы түзүлгөн борбор Кыргыз өкмөтүнө тиешелүү экендиги, ал жайда Кыргызстандын аскерий коргонуу жана коопсуздук адистерин даярдоо ишке ашаары; бул машыгуу борбору АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосунда коопсуздук боюнча кызматташуусунун бөлүгү катары курулушу кийинки жылы башталаары айтылат.

Андан сырткары АКШ элчилигинин аскердик кызматташуу бөлүмү тарабынан Кыргызстанда бир катар гуманитардык долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгы жана АКШ Кыргызстандын түштүгүдө аскерий база ачууну көздөбөй тургандыгы маалымдалат.

Америкалыктар буга чейин Кыргызстандын коргонуу министрлигине караштуу Токмоктогу атайын багыттагы күчтөр үчүн окуу борборун, Беш-Күнгөй айылында аскердик госпиталды курууга көмөктөшкөн.

Ал эми жаңы машыгуу борбору Баткен облусунун кайсы жеринде орун алаары азырынча айтыла элек. Айрым серепчилердин айтуусунда, машыгуу борбору Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюму тарабынан ачылат деп болжолдонгон аскерий базанын аймагына отурукташат.

Былтыр август айында президент Бакиев менен Орусия президенти Медведев Кыргызстанда Орусиянын кошумча аскер күчтөрүн жайгаштыруу боюнча жаңы меморандумга кол коюшканы менен аскерий база куруу долбоору токтоп турат. Ал эми кыргыз тараптын Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюму менен макулдашпай туруп, Баткенде америкалыктардын колдоосунда машыгуу борборун куруу чечимин кабыл алганы Москванын кыжырына тийе тургандыгы ачык иш экендигин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Саясатчы Эдил Байсалов
машыктыруу борборун куруу эки өлкө ортосундагы аскерий кызматтатташтыктын уландысы, бирок бул Орусияга жакпай турганы кадам дейт:

- АКШнын [Кыргызстанга] база куруп бергени, менин оюмча, бул америкалык база болуп калат дегенди билдирбейт. Бирок албетте, АКШнын жардамын алып, америкалык адистер келет деген - Москванын кандайдыр бир кызгануу, ич күптүлүгүн жаратуусу мүмкүн.

Ал эми Бишкекте жашаган орусиялык саясий серепчи Александр Князев “Азаттыкка” АКШ Кыргызстанга кандай жардам бербесин, Орусия бул чөлкөмдө ар дайым артыкчылыкка ээ. Маселенин саясий жагы Орусиянын кыжырын келтирерин айтат:

- Менин оюмча, бул [Токмоктогу, Баткендеги машыгуу борборлору] – кыргыз бийлигинин беш жыл аралыгындагы эң эле жоопкерчиликсиз иши. Менин оюмча бул боюнча кырдаал дагы да курчуйт. Анткени Кыргызстандын АКШ менен базаларды куруу боюнча макулдашуусу же демилгеси – бир эле учурда Орусияга да, Кытайга да чакырык таштайт.

Кыргызстан-АКШ алакасына сереп салгандар – Америка өз кызыкчылыгын ишке ашыруунун гана аракетин көздөп, демократиялык баалуулуктарга көз жумуп койгонун тынымсыз айтып келишет. Нью-Йорктогу Колумбия Университетинин профессору Линкольн Митчелл "АКШнын адамды иренжиткен, эң жаман дегенден да төмөн, коррупцияланган режимди колдоосу сөз менен айтып жеткиргис. Учурда АКШ жардам берип жаткан өлкө [Кыргызстан] эркиндикти жана демократияны жайылтууда алсыз өнөктөш экенин айтсак сындагандай болбойбуз" деген пикирин ортого салат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG