Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Нарындыктар талаптарын аткаруу үчүн бийликке мөөнөт чектеди


Митингге чыккандар бийликке президенттин уулу Максим Бакиевдин бир жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн, тарифтердин мурдагы калыбында калтырууну, кытайлыктарга жер сатууну токтотууну, Исмаил Исаков, Балыкчы, Петровка боюнча соттолгондордун бошотулушун талап кылышты. Эгерде бул талаптар 16-мартка чейин аткарылбаса, анда мөөнөтсүз ири митингдер башталаарын айтышты. Чогулгандардын алдында Нарын облусунун губернатору Алмаз Акматалиев чыгып сүйлөп, ал өзү деле жер сатууга каршы экенин, мындай көрүнүштөр тыйылаарына убада берди. Эгерде андай болбосо, нааразылыкка чыккандарга кошулаарын айтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирди. (AiJu)

XS
SM
MD
LG