Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

К.Бакиев: Кыргызстан Ооганстанда абалдын жөнгө салынышына кызыкдар


Бүгүн Өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев АКШ Борбордук командачылыгынын командачысы Дэвид Петреусту кабыл алды. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду. Д.Петреус Кыргызстандын Ооганстандагы антитеррордук операцияга жасап жаткан колдоосун жогору бааларын билдирди. Д.Петреус ошондой эле К.Бакиевге Ооганстандагы абал жана АКШ тарабынан бул өлкөнү калыбына келтирүү багытында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык чаралар туурасында кенен маалымат берди. Өз кезегинде К.Бакиев Борбордук Азия чөлкөмүнүн коопсуздугуна негизинен Ооганстандан коркунуч туулуп жаткандыгын белгиледи. Бул жаатта Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук менен бирдикте аталган мамлекеттеги абалды калыбына келтирүүгө мындан ары да салым кошорун айтты. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG