Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:14

Аксакалдар кеңеши АКШнын Тразиттик борборунун чыгарылышын талап кылды


Кыргызстандагы бейформал Аксакалдар кеңеши бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда "Манас" аба майданындагы Транзиттик борборду чыгаруу талабын койду. Аксакалдар кеңешинин төрагасы, академик Оморбай Нарбековдун пикиринде, Транзиттик борбордо террордук уюмдардын мүчөлөрү даярдалышы ыктымал. Буга “Жундалла” уюмунун лидери Абдулмалик Ригинин билдирүүсү негиз берүүдө. Аксакалдар кеңеши ошол эле мезгилде Кантта Россиянын аскерий базасынын калышын тарыхый жактан негиздүү деп эсептеп, эгерде талаптары аткарылбаса пикетке чыгышарын жана элдин колун топтой баштаарын ачыкташты. Белгилүү болгондой “Жундалла” уюмунун лидери Риги Кыргызстанга келаткан жерде кармалганын Иран маалымат каражаттары маалымдаган. Ошол мезгилде Кыргызстандын мамлекеттик тышкы иштер министрлиги ал маалыматты төгүнгө чыгарган. Президент Курманбек Бакиев бүгүн АКШнын генералы Дэвид Петреусту кабыл алуу учурунда Борбор Азия аймагынын коопсуздугуна коркунуч Ооганстандан келип жатканын билдирген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG