Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Арап Лигасы: Палестин-Израил тынчтык сүйлөшүүлөрү токтотулду


Арап Лигасынын башчысы Амр Мусса Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшкөнүн, анда Аббас израилдиктер менен кыйыр сүйлөшүүгө барбай турганын айтканын билдирди. Азырынча Палестина да, Израил да буга карата расмий билдирүү таратыша элек. Сүйлөшүүлөрдүн токтоп калышына Израил басып алган чыгыш Иерусалимде жөөттөргө дагы 1600 жаңы үй куруу максаты бар экенин айтканы себеп болгон. Израилдин планын АКШнын вице-президенти Жо Байден да буга чейин айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG