Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Азербайжанда сот эки блоггерди түрмөдөн бошотпой турган болду


Өлкөнүн аппеляциялык соту буга чейинки соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин блоггерлер Аднан Хажизаде менен Эмин Милли ресторанда “коомдук тартипти бузган” деп, 4,5 жылдан түрмөгө кесилишкен. Айыпталуучулар өздөрү муну “саясий заказ” деп аташууда. Анткени алар интернетте өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча сатирикалык видео-тасма чыгарып, анда чиновникти эшекке окшоштуруп чыгарышкан эле. Адам укугун коргоочу бир топ эларалык уюмдар менен айрым Батыш өлкөлөрү расмий Бакуну ал блоггерлерди боштондукка чыгарууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG