Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Ынтымак курултайына квота боюнча делегаттардын курамы бекитилди


Бүгүн президент Курманбек Бакиев “Кыргыз Республикасынын квотасы боюнча ынтымак курултайынын делегаттарынын курамы жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, курултайга 150 адам делегат болуп тандалды.

Президент К. Бакиев улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, жарандык коомду баш коштуруу жана социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү максатында “Ынтымак курултайын чакыруу жөнүндө 21-январда Жарлык чыгарган. Курултай 23-мартка белгиленген. Ага баардыгы 750 делегат чакырылат, анын ичинде өлкөнүн администрациялык-аймактык бирдиктеринен – 545 делегат, чет өлкөдөгү эмгекчи мигранттарынан – 35 делегат, конфессиялык жамааттардан – 20 делегат, ошондой эле президентин өзүнүн квотасы менен 150 делегат келиши керек. (AiJu)

XS
SM
MD
LG