Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Р.Отунбаева: “Ак жол” фракциясы кеч боло электе ойлонсун


СДПК фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин отурумунда “MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичтин айланасындагы чыр тууралуу айтып, Курманбек Бакиев көтөрмөлөгөн адам болгону Италия мафиясынын эсепчиси экенин билдирди. Мындан улам, Отунбаева “Ак жол” фракциясынын өкүлдөрүнө кайрылып, өкмөттүн чечимдеринин баарын колдой берүүнү токтотууну өтүндү. “Өлкөдө саясат жасап аткандар силердин партияны эбак иштен чыгарып, башка партия түзүүгө киришти”,-деди Р.Отунбаева. Ал эми “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов Р. Отунбаева алардын фракциясына баа бере турган адам эмес экенин, эгерде оппозиция өкүлдөрү митинг жүргүзүүнү кааласа ачык-айкын айтуулары керектин айтты. Депутат Өнүктүрүү фонду Е.Гуревич менен келишимдерди үзгөнүн кечээ жарыялады, андыктан бул маселенин көтөрүүнүн кажети жок экенин айтты.

7-мартта Кыргызстандагы “MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичти камакка алуу тууралуу римдик судья Альдо Моргини чечим чыгарганын “Сан франциско хроникл” гезити жазып чыккан. Маалыматта Е. Гуревич Италияда “MGN Capital” компаниясы аркылуу көз боемочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыпталып, кылмыш дүйнөсүн каржылаганы айтылган. Ал эми кечээ Гуревич Кыргызстанда болгон кызматтарын таштаганын билдирген. (AiJu)

XS
SM
MD
LG