Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

“Ак шумкар” партиясы пикетке даярданууда


Бүгүн аталган партиянын лидери Темир Сариев Бишкек шаар мэри Нариман Түлеевге 23-марттагы Ынтымак курултайы болоор күнү Улуттук филармониянын алдында пикет өткөрүү боюнча маалымдама кат берди. Т. Сариевдин айтымында, пикетте электр кубатына тарифтерди ордуна келтирүү, стратегиялык обьектилерди жана сууну саткандарды жазага тартуу, президент Курманбек Бакиевдин уулун жана бир туугандарын мамлекеттик кызматтан четтетүү, Конституцияга каршы түзүлгөн мамлекеттик органдарды жоюу талаптары коюлат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG