Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Т.Тургуналиев: Исмаил Исаковго кысым жасалууда


Абакта отурган мурдагы коргоо министри, оппозиция өкүлү Исмаил Исаковго кысым жасалууда. Бул тууралуу саясий куугунтуктагыларды коргоо комитетинин жетекчиси Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, И.Исаковдун ахыбалын билүүгө барган жактоочусу менен жакындары ал оор абалда экенин, Алайдагы элди нааразылык акцияга чыгуусун токтотууну талап кылып ага кысым жасалып атканын айтышкан. Мындан улам, аталган комитет бийликке 15-мартка чейин Исмаил Исаковду, Эркин Бөлөкбаевди, Сапар Аргынбаевди, Уран Рыскуловду жана Балыкчы окуясы боюнча соттолгондорду бошотуу талабын коюушат. Эгерде бул талап аткарылса, анда 17-мартка белгиленген оппозициянын курултайына элдин келүүсүн токтотууга аракет жасашат. Ал эми талап ишке ашпай турган болсо, анда комитет мүчөлөрү ири нааразылык акцияларына чыгышмакчы.

Бишкек гарнизондук аскер соту Исмаил Исаков коргоо министри кезинде баласына өкмөттүн эсебинен мыйзамсыз батир алып берген деп 8 жылга эркинен ажыраткан. Республикалык аскер соту кийин бул өкүмдү күчүндө калтырган. Исмаил Исаков өзү болсо муну саясий буйрутма катары баалап келет. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG