Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Бишкек мэриясы Элдик курултай Ала-Тоо аянтында өтүүсүнө каршы


Буга байланыштуу мэриянын арызын ушул тапта Бишкектеги Биринчи Май райондук соту карап жатат.
Борбор калаа башчылыгы социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Роза Отунбаевага жана уюштуруу комитетине Элдик курултай өткөрүүгө тыюу салуусун өтүнүп, Биринчи Май райсотуна кайрылган. Арыз ээлери белгилегендей уюштуруу комитети тарабынан Бишкек мэриясына 17-март күнү саат 10:00 тартып 20:00 чейин Ала-Тоо аянтында Элдик курултай өткөрүлөрү тарабынан маалымдама келип түшкөн. Мэрия арызында борбордук Ала-Тоо аянты мамлекеттик Чүй магистралында жайгашканын, “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу эркиндиги” тууралуу мыйзамдын 4-беренеси боюнча ар кандай чогулуулар мындай аймактардан 30 метр алыстыкта өтүүсү тийиштигин жана Ала-Тоо аянтында күндүзгү, кечки убактарда жарандар эс алышарын, оппозициянын курултайы ага тоскоол болот деп белгилеген.
Оппозициялык бириккен кыймыл 17-мартта Элдик курултай өткөрүү үчүн мурда борбор калаадагы Спорт сарайын, Улуттук филармонияны ижарага сурап кайрылып, оң жооп ала алган эмес. Андан кийин курултайды Ала-Тоо аянтында өткөрүүнү чечкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG