Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

БЭК: Элдик курултайга каалоочулардын баары чакырылат


Уюштуруу комитетинен “Азаттыкка” маалымдашкандай 17-мартта Бишкекте өтүүчү Элдик курултайга ар бир облустан 300дөн киши расмий делегат катары келишет. “Мындан тышкары курултайга катышып, өз сөзүн айтам деген, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган бардык адамдар келип катыша алышат,” деп билдирди комитет мүчөсү Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка”. Анын айтуусунда Элдик курултайдын катышуучулары 17-мартта саат 10:00 Бишкек шаарындагы “Медиа-Форум” комплексинин жанына чогулуп, андан кийин Ала-Тоо аянтына жөө жүрүш менен барышмакчы.
БЭК 17-мартта өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды, энергетиканын кымбатташын, Башмыйзамдын бийлик тарабынан реформаланып жатышын, саясий эркиндиктин кысымга алынышын, бүгүнкү мамлекеттик башкаруу системасы жана башка маселелерди талкуулоо үчүн Элдик курултай чакырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG