Nexi уюлдук компаниясынын маалымат кызматынын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, ар бир чалуу үчүн 60 тыйын акы алуу 25-марттан тарта ишке аша баштайт. Katel уюлдук оператору дагы ушул эле күнү кардарлардан кошумча алтымыш тыйын алууга өтүшөт. Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тарта Кыргызстанда уюлдук байланыш алтымыш тыйынга кымбаттаган. (AiJu)