Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

60 тыйынга каршы митингге да тыюу салынды


Буга чейин жаштардын демилге топтору уюлдук операторлордун ар 60 тыйындан алуусуна каршылык митингин өткөрүү тууралуу маалымдаманы Биринчи Май райондук акимчилигине жолдошкон. Алар ар бир байланыш үчүн 60 тыйындан алууга каршы 15-март күнү Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгууну көздөп жатышкан. Жаштардын нааразылык акциясына тыюу салуу өтүнүчү менен Биринчи Май райондук акимчилиги райондук сотко кайрылган. Биринчи Май райондук соту бүгүн акимчиликтин өтүнүчүн канааттандырды.
Демилге тобунун жетекчилеринин бири Урмат Казакбаев уюлдук операторлордун өзүм билемдигин кыргыз өкмөтү жөнгө салууга тийиш деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.
Билайн, Мегаком уюлдук операторлору 1-февралдан, О уюлдук оператору 1-марттан тарта ар бир абонентти байланыштырып бергени үчүн 60 тыйындан ала башташты. Муну алар энергетикага баалардын көтөрүлүшү менен башталган кымбатчылыкка байланыштырышууда. Парламенттин “Ак жол” фракциясы бул маселени катуу көтөрүп чыгып, бирок бат эле тынчып калышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG