Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Алайлыктар М. Бакиевдин эки сутканын ичинде өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышат


Бул туурасында Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 13-март күнү жердештери райондук акимчиликтин алдына митингге чыгышып, мурдагы коргоо министринин, ошондой эле Петровка, Балыкчы чатагы боюнча камалган оппозиция өкүлдөрүнүн 15-мартка чейин абактан бошотулушун, андан ары Өнүктүрүү фондунун жетекчиси, президенттин уулу Максим Бакиевдин өлкөдөн эки сутканын ичинде чыгып кетүүсүн талап кылышат. Мындан тышкары айрым аймактарда “Азаттык” үналгысынын жана анын телепрограммаларынын берүүлөрүнө тыюу салууга каршы экендиктери айтылып, атайын коргоо комитетин уюштуруу күтүлүүдө. Анткени менен жергиликтүү бийлик наараазылык акциясынын улантылышы мыйзамсыз экендигин белгилеп, мындай иш-чарага катышкандар сөзсүз жазаланаарын эскертүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG