Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Кыргыз сүрөт эмгектери Шанхайдагы көргөзмөгө катышат


Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн кыргыз шаарлары боюнча сүрөт эмгектери Шанхайда өтчү “ЭКСПО-2010” аттуу эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө катышат. Элүүгө жакын эмгек учурда көргөзмөгө тандалып алынды. Шанхайдагы көргөзмөгө катышуу максатында сүрөтчү балдар арасында да республикалык сынак башталды.

Кыргызстанда 440 расмий катталган сүрөтчү болсо, анын жыйырмасы Эл сүрөтчүсү, ал эми 30 сүрөткер Кыргызстандын эмгек сиңирген сүрөтчүсү болуп саналат. Учурда Маданият агенттигинен, Сүрөтчүлөр союзунан жана Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин жетекчилигинен түзүлгөн комиссия Шанхайда өтчү эл аралык көргөзмөгө 50 сүрөтчүнүн бирден эмгегин тандап алды.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин айтымында, көргөзмөгө кыргыз табияты, кыргыз жаратылышы, тарыхы, бүгүнкү шаарлары туурасындагы эмгектери коюлмакчы:

- Кытайлар эми “Шаар дүйнөсү” деген темада сынак өткөрүп жатканы менен, эмгектер шаарлар менен гана чектелип калбайт. Тандалып алынган сүрөттөрдө - кыргыз табияты, кыргыз тарыхы, жомокторго тартылган уламыштар чагылган. Мисалы менин сүрөтүм “Аңчылык” деп аталат. Аңчылык – мен ойлойм түбөлүктүү тема. Адам менен жаратылыштын диалогу түбөлүктүү.

Шанхайда өтчү “ЭКСПО-2010” эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө 12 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөрдү да катыштыруу максатында Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасы “Менин сүйүктүү шаарым”, “Шаарым келечекте” жана “Менин шаарым – жашыл шаар” аттуу темада сынак жарыялады.

Сынактын негизги максатына аталган көргөзмөнүн генералдык директору Темирбек Эркинов төмөнкүчө токтолду:

- Аталган сынакты өткөрүүнүн башкы масаты - өсүп келаткан жаштарды кандай маселелер ойлонторун, өзгөчө алар кандай шаарда жашагысы келерин байкап билүү. Балдардын сүрөттөрдөгү кыял-максаттары келечектеги Кыргыз шаарларынын курулушунун чиймелерине балким пайдаланылышы мүмкүн. Анан балдардын “Менин шаарым жашыл шаар” сынагына келген сүрөттөрүндө - Кыргызстандагы экологиялык проблемалар козголот деп ойлойм.

Аталган сынакка аймактардагы жаш сүрөтчүлөр да катышмакчы.
XS
SM
MD
LG