Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

“Forbes”: Дүйнөдө миллиардерлердин саны көбөйүүдө


АКШда чыкчу “Forbes” журналынын маалымдашынча, азыр дүйнөдө 1011 миллиардер бар. Миллиардерлердин көпчүлүгү - 403ү АКШда, 62си Россияда жашайт. Азияда былтыртан бери миллиардерлердин саны эки эсеге көбөйүп, 234кө жеткен. Ал эми Казакстандан миллиардерлер тизмесине кирген беш адамдын, экөөсү президент Назарбаевдин үй –бүлө мүчөлөрү.

Былтыр дүйнөдө 793 миллиардер бар эле.

Эң бай адам мексикалык медиа-магнат жана уюлдук телефон байланыш компаниясынын ээси Карлос Слим саналат. “Forbes” жазганга караганда, анын мал-дөөлөтү 53,5 миллиард долларга барабар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG