Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

“Ата Мекен” партиясы ата-бала Бакиевдердин отставкасын талап кылды


Аталган партиянын кечээги (11-марттагы) билдирүүсүндө Кыргызстандын стратегиялык маанилүү тармактары президенттин уулу Максим Бакиевдин көрсөтмөсү менен анын досторуна өтө арзан баада сатылганы белгиленген. Билдирүү ээлери өзүн сүттөн акмын деп актанган Евгений Гуревич токтоосуз камакка алынып, Италиянын соту менен бирдикте суракка алынышын, Башмыйзамда жок жогорку кызматты мыйзамсыз ээлеп отурган Максим Бакиевдин кызматтан кетүүсүн, стратегиялык ишканаларды сатуу тууралуу түзүлгөн актылар жокко чыгарылышын жана өлкөнүн экономикасына миллиондогон чыгаша келтирип, жарандардын социалдык абалын төмөндөткөнү, ишиндеги кечирилгис шалаакылыгы үчүн президент К. Бакиев мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүсүн талап кылышкан. Бийликчил саясат талдоочулар болсо “Ата мекен” партиясынын талабын негизсиз экенин айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG